1-майдан баштап мектептерге лицензияга арыз аралыктан кабыл алынат

Өтүнмөнү аралыктан берүү убакыт, каражатты үнөмдөп, коррупцияны алдын аларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. 1-майдан баштап билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуу үчүн арыздар Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (ЛАБАС) аркылуу гана кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган тармакты лицензиялоо окутуучу мекеме мыйзамдын алкагында иш алып барышы үчүн жүргүзүлөт.
"Учурда бала бакча ачууга же кошумча билим берүү программасы боюнча окутуу үчүн лицензия талап кылынбайт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өтүнмөнү аралыктан берүү убакыт, каражатты үнөмдөп, коррупцияны алдын аларын айтышты.
Өтүнмөнү шилтеме аркылуу берүүгө болот.
Радио
Батырбеков: мугалимдин кагаз иштери абдан көбөйүп кетти