КРСУ Ленинград мамлекеттик университети менен кызматташат

Ленинград мамлекеттик университети КРСУнун студенттерин жана окутуучуларын кабыл алууга даяр экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) Лениград мамлекеттик университети (ЛМУ) менен кызматташат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко баштаган делегация Кыргызстанга иш сапар менен келип, анын алкагында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети менен А.С. Пушкин атындагы ЛМУнун ортосундагы меморандумга кол коюлган.
1 / 5

Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) Лениград мамлекеттик университети (ЛМУ) менен кызматташат

2 / 5

Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко баштаган делегация Кыргызстанга иш сапар менен келип, анын алкагында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети менен А.С. Пушкин атындагы ЛМУнун ортосундагы меморандумга кол коюлган.

3 / 5

Жолугушууда КРСУнун ректору Денис Фомин-Нилов университеттер арасында студенттер менен мугалимдерди алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеген.

4 / 5

Өз кезегинде Ленинград мамлекеттик университетинин ректору Григорий Двас ал жетектеген окуу жай КРСУнун студенттерин жана окутуучуларын кабыл алууга даяр экенин билдирди.

5 / 5

Жолугушуунун соңунда Александр Дрозденко КРСУнун студенттерин облустун эң мыкты ишканаларына ишке орноштурууга даяр экендигин кошумчалаган.

Жыйындын жүрүшүндө КРСУнун базасында окуу-миграция борборун ачуу, орто атайын билим берүүчү мугалимдерди даярдоо жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык адаптациялоо боюнча мультиборбор түзүү сыяктуу долбоорлор боюнча кеп козголгону айтылды.
Жолугушуунун соңунда Александр Дрозденко КРСУнун студенттерин облустун эң мыкты ишканаларына ишке орноштурууга даяр экендигин кошумчалаган.
Бишкекте студенттер үчүн КРСУга караштуу “Жаштар” борбору ачылды. Видео