Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

ФБР: АКШ "Крокустагыдай" терактынын ыктымалдыгына кооптонууда

Кошмо Штаттарга чабуул жасоо ыктымалдыгы Израилдин Палестинага каршы согуштук операциясынан кийин өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. АКШнын бийлиги өлкөгө исламчыл экстремисттер Подмосковьедеги "Крокус сити холлдогудай" координацияланган чабуул жасашы мүмкүн деп түйшөлүүдө. Бул туурасында АКШнын Изилдөөлөр боюнча федералдык бюросунун директору Кристофер Рэйдин айтканын РИА Новости жазды.
Мындай кооптонуусун директор NBC телеканалына интервью берип жатканда айткан.
"Россия бир нече апта мурда тушуккандай координацияланган чабуул бул жерде да болушу мүмкүндүгүнө катуураак кооптонуп турабыз", — деген Рэй.
Анын айтымына караганда, АКШдагы террордук кол салуунун ыктымалдыгы 2023-жылдын күз айынан, Израилдин Палестинага каршы согуштук операциясынан кийин, өзгөчө жалгыз-жарымдап жүргөн экстремисттер тарабынан өтө эле өстү.
ФБРдин башчысы америкалык чалгында коомдук жерлерде террордук ири уюмдардан жаралган шектенүүлөр күчөгөнүн, бийлик он жылдай мурда мындай нерсени "өтө маанилүү деле эмес" деп карап келгенин белгилеген.
ЖМК: Франциянын атайын кызматы Олимпиаданы ачылышсыз эле баштоону сунуштоодо