Радио

Жакыпов: Искусство университетинде бир нече багыт боюнча магистрликтер ачылат

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубатбек Жакыпов аталган окуу жайда жазуучу, котормочуларды даярдаган курс ачыларын айтты.
Sputnik
Биздин окуу жай буга чейин беш жылдык окуу мөөнөтү менен атайын адистерди даярдап келсе, эми бакалаврдан соң кабыл алганга магистрлик бөлүмдөр да ачылганы турат. Бул тууралуу Кубатбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу жайдын алкагында магистрликтин ачылышын казакстандык студенттер да көп ирет суранып келишкен.
"Биздин университетке быйыл 57 жыл толду. Бул аралыкта көптөгөн таланттуу улан-кыздар билим алып, кыргыз маданияты үчүн зор эмгек жасап келе жатышат. Бирок убакыттын өтүшү менен искусстводо да талаптар өзгөрөт экен. Биз буга чейин беш жылдык адистик боюнча билим берип келгенбиз. 2024-2025-окуу жылында магистрлик бөлүмдөрдү да ачууну пландап жатабыз. Бизге келип билим алгандар кадимкидей эле беш жылдык системада окуй беришет. Бирок башка университеттерден искусство багытында бакалаврды бүтүрүп, андан ары билимин уланта албай калышчу. Ушундай эле нерсе Казакстанда да бар экен. Ал жактан да бакалавр бүтүрүүчүлөрү бизге кайрылып, магистрлик боюнча билим алууну көп сурашчу. Ушуга байланыштуу биз быйыл театр жана кино актерлугу багытында, режиссерлук, кино ишмердиги, оркестр музыканттары, фольклор, эстрада, хор дирижерлугу багыттарында магистратурага кабыл алууну баштайбыз. Мындан сырткары, жазуучу, акын, котормочуларды даярдоо максатында эки жылдык билим берген атайын курсубуз да каалоочуларга эшигин ачат, — деди Жакыпов.
Ал окуу жайдын имараты тардык кыларын, жаңы имарат болсо университетте башка да мүмкүнчүлүктөр кенен экенин кошумчалады.