Индиялык эки студент Ысык-Көлгө чөгүп каза болду

Чет элдиктер пирстен көлгө секирип, кайра чыга албай калышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Индиянын эки жараны көлгө чөгүп, каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде милицияга Чолпон-Атадагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу борборунда болжол менен саат 13:00дөр чамасында Индиянын эки жараны көлгө чөгүп кеткендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Райондук милиция жерине барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.
"Натыйжада Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери, Индиянын 20 жаштагы А.Р. жана 19 жаштагы Д.Ч. аттуу жарандары пирстен сууга секирип, чыга албай чөгүп кетишкени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Маркумдардын жердештери күбө катары суралып, студенттер пирстен көлгө секиргенин тастыкташкан.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.
Ошондой эле окуя боюнча Кыргызстандагы Индиянын элчилигине маалымдалып, сөөктөрдү мекенине жөнөтүү маселеси каралып жатканы кошумчаланды.
Кара-Кулжада кечээки сел бир адамдын өмүрүн алды. Сүрөт