Эртеңден тарта электр энергиясына карыз абоненттердин жарыгы өчүрүлө баштайт

Турак жай ээлери "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси аркылуу карызынын суммасын биле алат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Бишкек электр түйүндөрү" ишканасы эртеңден тарта карызы бар 5100дөн ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөрүн билдирди.
Ишкана электр энергиясы үчүн карызды өз убагында төлөөгө чакырып, анын суммасын компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмү аркылуу текшерип алууга болорун эскертти. Ошондой эле турак жай ээлери "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси аркылуу карызын биле алары белгиленди.
Мындан тышкары, 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номерлери күнү-түнү иштеп, 0556 001209 WhatsApp номери билдирүүлөрдү кабыл алат.
Абоненттер электр жарыгына болгон карызын төлөм терминалдары, электрондук капчыктар, банктар жана "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөй алышат.
Токтогулга суунун агып кириши агып чыккандан 3,4 эсе көбөйдү. Таблица