Эксперт: жаңы дүйнөлүк тартип Евразияда түзүлөт

Усубалиев Кыргызстандын евразиялык мейкиндиктеги экономикалык жана саясий процесстерге активдүү катышуусу аң-сезимдүү тандоосу экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Евразияда жаңы дүйнөлүк тартип түзүлөт. Бул тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эсен Усубалиев Москвада "Евразия" эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча коммерциялык эмес уюмунун бет ачарында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын евразиялык мейкиндиктеги экономикалык жана саясий процесстерге активдүү катышуусу — маданий, тарыхый жана башка байланыштар менен шартталган аң-сезимдүү тандоо.
“Жаңы дүйнөлүк тартип Евразияда түзүлөрү биз үчүн айкын болуп калды”, — деди Усубалиев.
Борбор Азиядагы евразиялык бейөкмөт уюмдар кантип иштеши керек. Эксперттин пикири