Бишкекте суу жээктерин өнүктүрүүнүн эскиздик концепциясы иштелип чыкты

Концепцияда Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жээктери аркылуу Боз-Бөлтөк жана Ала-Арча суу сактагычынын шаар четиндеги ири эс алуу аймактарын бириктирүү каралганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери борбор калаанын чет жактарын (Ала-Арча суусу, Аламүдүн суусу, ЧЧК, Түштүк Чоң-Чүй каналдары) өнүктүрүүнүн эскиздик концепциясын иштеп чыгышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
1 / 4

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын адистери борбор калаанын чет жактарын (Ала-Арча суусу, Аламүдүн суусу, ЧЧК, Түштүк Чоң-Чүй каналдары) өнүктүрүүнүн эскиздик концепциясын иштеп чыгышты

2 / 4

Маалыматка ылайык, концепцияда Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жээктери аркылуу Боз-Бөлтөк жана Ала-Арча суу сактагычынын шаар четиндеги ири эс алуу аймактарын бириктирүү каралган

3 / 4

суу жээктери жарандардын ыңгайлуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ландшафттар, архитектуралык-табигый элементтерин жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү

4 / 4

Бишкектеги суу жээктерин комплекстүү жакшыртуу уникалдуу рекреациялык аймактарды, ошондой эле санитардык нормаларды жана сууну коргоо талаптарын сактоого шарттарды түзөт

Маалыматка ылайык, концепцияда Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жээктери аркылуу Боз-Бөлтөк жана Ала-Арча суу сактагычынын шаар четиндеги ири эс алуу аймактарын бириктирүү каралган.
"Шаардын суу жээктери жарандардын ыңгайлуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ландшафттар, архитектуралык-табигый элементтерин жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектеги суу жээктерин комплекстүү жакшыртуу уникалдуу рекреациялык аймактарды, ошондой эле санитардык нормаларды жана сууну коргоо талаптарын сактоого шарттарды түзөт.
Бишкекте 14 мектеп, бир бала бакчанын спорт аянтчасынын эскизи иштелип чыкты