"Бишкек асфальтсервис" жол жумушчуларын ишке чакырат. Талаптары

Жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Талапка ылайык, жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынмакчы. Эмгек акы орточо 30-35 миң сомду түзөт (жасалган жумуштун көлөмүнө жараша кээде мындан да көп чыгышы мүмкүн). Ошондой эле ишканадан жумушчуларга түшкү тамак бекер берилерин билдиришти.
Жумушка орношууну каалагандар Орозбеков көчөсү, 259А дарегине саат 09:00дөн 17:00гө чейин кайрылса болот.
Сурап-билүү номерлери: 0555 888 243, 0312 371 743.
"Социалдык келишим" боюнча Чүйдө кайсы тармакта иш ачкандар көп экени айтылды