Садыр Жапаров Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышты

Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достуктун символу экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарларды.
Ага ылайык, салтанатка Садыр Жапаров менен Илхам Алиев катышкан.
1 / 3

Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду

2 / 3

Ага ылайык, салтанатка Садыр Жапаров менен Илхам Алиев катышкан

3 / 3

Президенттер Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин белгилешти

Президенттер Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин белгилешти. Ошондой эле Алиев жазуучу менен болгон жолугушуусун эстеп, анын жарандык позициясын жана өз тамырларына берилгендигин билдирген.
Президент Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун мурасына болгон өзгөчө жылуу мамилеси жана залкар жазуучуга арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга кошкон жеке салымы үчүн Илхам Алиевге ыраазычылык билдирип, Азербайжан элине тынчтык, бакыт жана бакубатчылык каалады.
Эстелик Бакунун Азадлык борбордук көчөлөрүнүн бириндеги паркка орнотулду.
Садыр Жапаров менен Илхам Алиев жолугушуп, бир катар келишимдерге кол коюлду