Аймактарда өстүрүүгө сунушталган мөмө-жемиштин түрлөрү кайсылар — Багбандарга кеңеш

Sputnik
Айыл чарба министрлиги өлкөнүн ар бир районунун климаттык, кыртыштык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен облустарга карата мөмө-жемиштин кандай түрүн жана сортун өстүрүүгө болорун иштеп чыкты. Аймактардын климаттык, кыртыштык шарттары боюнча мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүдө кандай эрежелер сакталышы керек, багбандар кандай шартта жакшы түшүм алат?
Ушул суроолорго Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбагчылыкты экспертизалоо департаменттин багбагчылык боюнча башкы адиси Нурбек Малабаев жооп берет.