Президенттик “Эл үмүтү” стипендиясын кандай шартта алат? Кызыккандар көппү?

Sputnik
«Эл үмүтү» стипендиясына сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандаркатыша алат. Документтер 30-майга чейин кабыл алынмакчы. Бул стипендияга жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия каралган.