Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Украиналыктарга шуру да тийген жок". Захарованын Киевдин жаңы кадамына пикири

Украина ТИМи 18 жаштан 60 жашка чейинки аскер курагындагы эркектерге чет өлкөдө бардык консулдук кызматтан пайдаланууга чек койду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын аскерге жарамдуу курактагы кишилерге консулдук кызмат көрсөтүүгө тыюу салганы боюнча пикирин билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Баары Түндүк Америкадагы индейлер кабылган, "цивилизациялуулар" он миңдеген кишилерди кырган окуядай болуп жатат. Манхэттен аралы индейлерден мончокко сатып алынган, ал эми украиналыктарга бул шурулар да тийген жок, болгону моюндарына салынган америкалык сыйыртмак гана калды. Зеленский бул күндөрү Вашингтондун акчасына жетер жерине жеткирүү үчүн акыркы украиндерди азгырып жатат", — деген Захарова.
Украина ТИМи 18 жаштан 60 жашка чейинки аскер курагындагы эркектерге чет өлкөдө бардык консулдук иштерди жасоого, кызмат көрсөтүүгө чек койду. 2024-жылдын 24-апрелинен тарта документтерди Украинага кайтыш үчүн толтурууга болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рада депутаты: мобилизация жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы Зеленскийге өкүм болот