Радио

Батырбеков: мугалимдин кагаз иштери абдан көбөйүп кетти

40 жылдын педагогикалык тажрыйбасы бар, алгачкы билим берүү мыйзамын иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү болгон Дүйшөн Батырбеков мугалимдердин кагаз иштери көбөйүп кеткенин билдирди.
Sputnik
Учурда мугалимдер сабакка даярданганга караганда отчет жазганга көбүрөөк убакыт коротуп калды. Бул тууралуу Дүйшөн Батырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындан 10-15 жыл мурда мугалим үч багытта гана кагаз иштерин жасаса, азыр электрондук да, кагаз түрүндө да отчеттору көбөйүп кеткен.
"Учурда мугалимдердин убактысын алган чоң бир көйгөй бар. Алар керек болсо сабак өтүүгө даярдангандан да көбүрөөк убактысын түрдүү отчетторду толтурууга коротуп калышты. Сабактан сырткаркы учурунда баары эле компьютерди тиктеп, отчет жазып отурушат. Ал үйүлгөн кагаздарды же бирөө окуса жакшы го. Кооз папкаларга тиркелип, чаң басып жатат. Формалдуулук үчүн гана жасалган иштер. Мындан 10 жыл мурда мугалим сабак өтчү журналын толтуруп, сабактын планын жана календарлык план гана жазса, азыр отчеттун түрү көбөйдү. Ылдыйкы баскычтагысы өзүнөн жогоркусуна отчет жазуу менен гана алек болуп калдык. Мектеп ичинде, өзүнө керектүүсүн жазып койсо мейли, бирок райондук, шаардык, облустук билим берүү департаменти сыяктуу мекемелер үчүн бул артыкбаш маселе. Андан көрө алар мектеп менен түз кызматташып, көйгөйлөрүн чечиши керек. Тилекке каршы, азыр иштин баары кагаз түрүндө гана жасалып, керек болсо мектепке бир басып барбай эле отчет толтуруп коюшууда", — деди Батырбеков.
Ал тарбиялык сааттын отчету, мугалимдер бири-биринин сабагына катышканда кагаз жүзүндө отчет тапшыруу, даталуу күндөр боюнча, ата-энелер менен иштөө жана башка ушул сыяктуу отчеттор көбөйүп кеткенин кошумчалады.