Малайзияда эки тик учак сүзүшүп, 10 адам каза болду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Малайзияда аскердик парадга даярдануу учурунда эки тик учак сүзүшүп, 10 адам каза болду. Бул тууралуу Zvezdanews билдирип, видеосун жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуя Лумут шаарында болгон. Тик учактар Малайзиянын королдук Аскер-деңиз флотунун 90 жылдыгына карата көргөзмөнүн алдында машыгып жатышкан.
Кагылышуудан кийин бир учак стадионго, экинчиси спорт комплексинин бассейнинин жанына кулаган.
Бишкекте кулаган тик учак. Жабыркаган аскерлердин абалы айтылды