Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы башталды

XII Международный кинофестиваль короткометражных фильмов стран СНГ, Балтии и Грузии
Фестивалда КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузиянын киночуларынын картиналары көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы башталганын Кинематография департаментинен кабарлашты.
Фестивалда КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузиянын өкүлдөрү тасмаларын тартуулайт.

"Иш-чарага катышуу үчүн 800дөй билдирүү түшкөн. Сынак улуттук жана эл аралык болуп эки программадан турат. Анда көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык фильм жанрындагы кинолор коюлат", — деп жазылат маалыматта.

Бул ирет фестиваль Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, жогорку категориядагы анимациялык тасмалардын режиссеру Сагынбек Ишеновдун 90 жылдыгына арналмакчы.
Аталган кинофестиваль 2010-жылы режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Долбоордун максаты — КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильмдерин көрсөтүү менен бирдиктүү кино аянтчасын түзүү.
"Кыргыз кереметин" түптөгөн режиссерлордун атын чыгарган. Каарман Ашымовду эскерүү