Пресс-борбор

Кыргызстандагы сел: бир катар аймактарга өзгөчө кырдаал режими кирди

Жаан-чачындан улам бүгүн түнү да өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече жерди суу каптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жүргөн селден улам бир катар аймактарга өзгөчө кырдаал режими кирди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде өткөн брифингде айтты.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов
Анын билдиргенине караганда, бүгүн түнү да өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече жерде сел жүргөн. Өзгөчө режим Ош облусуна, Жалал-Абал дубанынын Ноокен аймагына жана Талас районуна киргизилген.
"20-апрелден тарта бүгүнкүгө чейин өлкө боюнча 46 сел жүргөн. Ош облусунда 171 короо-жайды, андан тышкары, кампаларды каптаса, суу 28 үйдүн жана бир мектептин жер төлөсүнө кирип кеткен. Жалал-Абад дубанында 102 короо-жай, бир мектеп да ушундай абалга тушуккан. Таласта 202 короо-жай, бир мектеп сууда калган", — деген Шамырканов.
ӨКМдин жетекчисинин орун басары учурда куткаруучулар, жарандык коргоо кызматы анын кесепетин жоюу үчүн колдон келген аракетин жасап жатканын билдирди. Жеринде атайын техникалар да колдонулууда.
"Сел Баткендин Кызыл-Кыя шаарында, Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда да жүргөн", — деп кошумчалаган Шамырканов.
Кара-Кулжада кечээки сел бир адамдын өмүрүн алды. Сүрөт