"Бийликти басып алууга аракет кылган". Имамидин Ташов камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунан мурдараак ишкерди камакка алуу чечими сыртынан чыкканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деп шектелген KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташов камакка алынды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан мурда Ташовдун баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечими сыртынан чыкканын айтышты.
"Тергөөчү камакка алуу боюнча мурдагы чечимди күчүндө калтыруу сунушун киргизди. Сот аны канаттандырып, шектүүнү 22-майга чейин камакка алды", — деп айтылат маалыматта.
41 жаштагы Ташовду былтыр октябрда УКМК кармап, кайра кое берген. Кийин ишкер өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ташов издөөгө алынганын билдирген.
Төңкөрүш жасоого аракет кылган деп издөөгө алынган Имамидин Ташов кармалды