Пресс-борбор

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар

Быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28 жолу шашылыш билдирүү жөнөтсө, анын алтоо апрель айында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы эле сел жүрүү коркунучу бар экенин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов
Анын айтымында, ӨКМ буга чейин нөшөрлөгөн жамгыр күтүлүп жаткандыгын эскерткен.
"Учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан 450 адам эвакуацияланды. Кырсыктан бир киши көз жумду. Жалпысынан жыл башынан бери ӨКМ тарабынан 28 жолу шашылыш билдирүү жөнөтүлгөн, анын ичинен алтоо апрель айында болгон. Сел коркунучу боюнча президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү бийлик органдарына эскертүү берилген", — деди Шамырканов.
Ал Кыргызстанда 26-апрелге чейин аба ырайы өзгөрүлүп турарын кошумчалады.
Үч облустун айылдарында сел жүрүп, куткаруучулар иштөөдө. Соңку маалымат