Ошто чагылган тийген улан ооруканада көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда 17 жаштагы улан чагылган тийип көз жумганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов
Кырсык 21-апрель күнү кечинде болгон. Баш-Булак айылында 17 жаштагы жергиликтүү тургунга талаадан чагылган тийип, Ош облустук ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ал ошол эле күнү жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.
Кара-Кулжада кечээки сел бир адамдын өмүрүн алды. Сүрөт