“Өчпөс полк” акциясынын тарыхы, мааниси жана жүрүшү

Sputnik
«Өчпөс полк» акциясы бир катар жылдардан бери Кыргызстанда салттуу жөрөлгөөгө айланды. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң аталарыбыздын эрдигин эскерип, жаштардын патриоттук сезимин көтөрүүдө акциянын мааниси чоң. Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан Куралдуу күчтөрдүн мекемелерине, ошондой эле аскер комиссариаттарына "Өчпөс полкту" жер-жерлерде, башкача айтканда, бардык ири шаарларда жана облус борборлорунда өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырмасы коюлган.