Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Сан-Франциско шаарындагы Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эл аралык технологиялык корпорацияларда иштеген кыргызстандык IT-адистер катышкан.
Сан-Франциско шаарындагы Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды.
Акылбек Жапаров бул окуянын маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстанда өнүктүрүү борборлорун ачуу зарылдыгын белгилеген.
"IT-компанияларда иштеген жаштар — өлкөнүн сыймыгы. Силердин инновацияларыңар, талантыңар жана берилгендигиңер бизди дүйнөлүк аренада күчтүүрөөк жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Көбүңөр дүйнө жүзү боюнча чоң компанияларда иштейсиңер. Кыргызстанда өнүктүрүү борборлорун ачууга сиздердин компанияларды тарта алсак жакшы болмок. Биз сиздердин мүмкүнчүлүктөргө ишенебиз жана колдоого даярбыз", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстанды IT тармагын өнүктүрүү үчүн эң мыкты жерге айландыруу өкмөттүн максаты экенин кошумчалады.
Акылбек Жапаров: санкциялардан коркпойбуз, алар менен деле жашоо уланат