Мандатын тапшырган Эмил Жусуповдун ордуна жаңы депутат келди

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Мандатын тапшырган Эмил Жусуповдун ордуна Жогорку Кеңешке Советбек Рустамбек уулу келди.
Бул боюнча маселе БШКнын 22-апрелдеги күн тартибинде каралып, жаңы депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Эске салсак, "Ишеним" партиясынан шайланып келген Эмил Жусупов өз арызы менен мандатын тапшырган. Жусуповдун мындай чечиминин себеби айтылган эмес.
Советбек Рустамбек уулу жеке ишкер. 2019-жылы "Алыш" күрөшүнүн вице-президенти болгон.
Депутат Айбек Осмонов мандатынан ажыратылды