БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин 2050-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү саясатын ишке ашыруунун алкагында Экономика жана коммерция министрлиги жашыл таксономия долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жашыл таксономия – бул долбоорлордун, кызматтардын жана товарлардын техникалык критерийлерге жооп берген улуттук классификатору. Ал төмөнкү талаптарга жооп берет:
экономиканы декарбонизациялоонун улуттук максаттары;
кыйыр же түздөн-түз энергияны, ресурстарды үнөмдөөчү жөндөмгө ээ жана аны ишке ашырууга мүмкүндүк берет;
парник газдарын азайтууга шарт түзөт;
кайра жаралуучу булактардан алынган энергияны күнүмдүк жашоодо колдонууга жол ачат.
Ошондой эле жашыл таксономия климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн негизги куралы болуп саналары белгиленди.
Министрлик долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 20-майына чейин stratplan@mineconom.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө чакырды.