Жалал-Абадда селден коргоочу тосмону суу алып, тургундар эвакуацияланууда

Жеринде жалпысынан 22 куткаруучу иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Селден коргоочу тосмону сел алып, Жалал-Абаддагы Эски-Кочкор-Ата айылынан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
“Жергиликтүү бийлик тарабынан аталган айылдын тургундарын коопсуз жайларга эвакуациялоо чечими кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматы, ӨКМ жана жергиликтүү тургундар өзгөчө кырдаалды жоюу иштерин алып барууда.
Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди