Өкмөт массалык уулануу боюнча жыйын өткөрүп, тапшырмаларды берди

Чогулушта элдин ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети Бишкектеги ресторандардын бириндеги массалык ууланууга байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында мындай окуяларды алдын алуу жана жарандардын ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланган. Анда тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жана коомдук мекемелерде санитардык эрежелерди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Саламаттык сактоо министрлигине коомдук тамактануу тармагында санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмүн жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигине тамак-аш даярдоочу жайларда байкоочу камераларды милдеттүү түрдө орнотуу сунушун киргизүү милдеттендирилген.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги ресторандардын биринде эки той өтүп, анда ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 39га жеткени кабарланган.
Жалал-Абадда ооз ачууга барган 12 адам тамакка ууланды