БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Чүйдө тоноо максатында такси айдоочусуна кол салган жүргүнчүлөрдүн бирөө кармалып, экинчиси каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-апрелде 33 жаштагы А.Б. аттуу Kia К-7 үлгүсүндөгү таксинин айдоочусуна 18 жаштагы Д.А. менен 19 жаштагы М.Н. түшүп, Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылына жеткирүүнү суранган.
"Бара турган жерине жеткенде унаанын артында отурган М.Н. айдоочуну моюнга сайып, качып кеткен. Таксист бычакты сууруп алып, кол салуучулардын экинчисине, алдыда отурган Д.А. аттуу жигитке эки жолу шилтеген. Ал ооруканага жетпей каза болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, таксист буга коргонуу максатында барган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин ("Каракчылык менен байланышкан адам өлтүрүүгө аракет кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында качып кеткен М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.