Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн эки тойдо массалык уулануу катталды

Лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылган. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Сухэ-Батор көчөсү, 15/1 дарегинде жайгашкан ресторанда 15 жана 18-апрелде кыз узатуу болгон. Дүйшөмбүдөгү коноктордон 27, бейшембидеги меймандардан 12 адам ооруканага кайрылган.
"Массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында плансыз текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынган. 31 кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ресторанга 13 миң сом айып салынып, иши токтотулганы кошумчаланды.
Жалал-Абадда ооз ачууга барган 12 адам тамакка ууланды