Жакында Кыргызстандын үч аймагында "Коопсуздук-2024" машыгуулары өтөт

Иш-чара "Аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну уюштура билүүсү" деген темада өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 23-25-апрелде Талас облусунда, Оштун Кара-Суу районунда жана Баткендин Кызыл-Кыя шаарында "Коопсуздук-2024" машыгуусу өтө турганын Коргоо министрлиги маалымдады.
Аталган иш-чара "Аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну уюштура билүүсү" деген темада болорун айтышты.
Ага Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Талас, Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ИИМдин, ӨКМдин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ушул облустардын резервдик түзүлүштөрү катышарын билдиришти.
Аскер окуу жайларына документ кабыл алынып жатат. Кайда кайрылуу керек?