Радио

"Жамийла" мюзикли 14-16-май күндөрү да элге тартууланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, актёр, маданияттын мыкты кызматкери Курал Чокоев ырчылык жана актердук кесибинин синтези мюзиклде ролду толук кандуу ачып берүүгө шарт түзгөнүн белгиледи.
Sputnik
"Жамийла" биринчи улуттук мюзикл деп айтылганы менен буга чейин тажрыйбада мюзикл коюлган. Адашпасам, 2004-жылдары "Махабат жылдызы" аттуу мюзикл коюлуп, анда да роль жараткам. Көп жылдар соӊ Улуттук филармониянын солисти болуп иштеп баштагандан кийин мюзиклде ойноо мүмкүнчүлүгү жаралып, сунуш түштү. Бул тууралуу Куралбек Чокоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.
Анын айтымында, мюзикл өзүнүн музыкалык-сахналык каражаттары аркылуу окуянын негизги оюн көрүүчүлөргө жеткире алды.
"12-17-апрель күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган "Жамийла" биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өттү. Чыгарма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун — 95, "Жамийла" повестинин жарыкка чыгышынын 65 жылдыгына арналып, жаздын чоӊ премьерасы болду. Мюзиклде да повесттеги баатырдык-патриоттук темасы таасирдүү чагылдырылды. Анда Манас элди өз жерин коргоого чакырып, ага жооп кылып сахнада турган кыргыз жоокерлери тикесинен тик туруп, Улуу Ата Мекендик согуштун фронтуна мекенин коргоого бара жатканы көрсөтүлөт. Даниярдын образы мага жакын, тааныш. Себеби буга чейин көп жолу анын ролун ойногом. Мюзикл үчүн эң сонун музыка жана тексттер жазылды. Бул ушул спектаклдин эӊ негизги өзгөчөлүгү, жаӊылыгы болду. Жамийла менен Даниярдын ариялары биздин жаштардын арасында популярдуу болот деп ойлойм. Андыктан чыгармаларды студияда жаздырып, түрдүү платформаларга жайгаштырууну пландап жатабыз. Хореография, массалык сценалар эң сонун болду. Бул биздин маданият ишмерлеринин чеберчилиги жогорку деңгээлде экенин көрсөтүп берет", — деди Чокоев.
Ал "Жамийла" мюзикли 14-16-май күндөрү да элге тартууланарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, либреттонун автору жана коюучу режиссеру Виктор Фельд, композитору Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Мурзали Жээнбаев, ырдын автору акын Махаббат Молдалиева болгон.