Бишкекте көмүскө казино аныкталып, чет элдик ээси кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкекте милиция чет элдик жарандар уюштурган жашыруун оюн жайын аныктады.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, кумар оюндарын ойноочу жай караоке атын жамынып, чектелген чөйрө үчүн иштеп келген.
"Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу" беренеси менен иш козголду. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал жерде 20дан ашык чет өлкөлүк жаран, 13 кыз болгон. Алардын биринин жашы жете элек экен. Мындан тышкары, оюн столдору, акча жана фишкалар табылган", — деди милиция.
Жашыруун оюн жайынын 40 жаштагы чет элдик Ч.Х. аттуу ээси жана 39 жаштагы М.А. аттуу администратору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кыргызстанда 1xBet онлайн кумар оюндарына тыюу салынды