Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бундестаг өкүлү: АКШнын Украинага бөлгөн жардамы акыркы болушу мүмкүн

Хофрайтер Украинага эми Евробиримдик көбүрөөк көмөк көрсөтүш керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Американын Украинага бөлгөн жардамы акыркы колдоо болуп калышы мүмкүн. Маалыматты Германия Бундестагынын Еврокомитетинин башчысы Антон Хофрайтер немецтик n-tv телекомпаниясынын эфиринде айтканын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы таратты.
Киевге жардам бөлүү боюнча Конгресстин макулдугун алуу канчалык кыйынчылыкка турганын эске алсак, Вашингтондун Киевге жасачу колдоосу азыр өтө эле бүдөмүк болууда.
"Бул АКШнын узак убакытта берген соңку жардам пакети же эң акыркысы деп да айтсак болот", — деген Хофрайтер.
Ал Украинага эми Евробиримдик көбүрөөк көмөк көрсөтүшү керек деп эсептейт.
Эске салсак, АКШ парламентинин төмөнкү палатасы Украинага дээрлик 61 миллиард 840 миллион долларлык кошумча жардам берүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми аны жогорку палата (Сенат) бекитип, президент Жозеф Байден кол коюшу керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Американын Киевге кезектеги жардамы боюнча Россия ТИМи үн катты