“Жеңиш каттары” студенттик акциясы жүрүүдө.

Sputnik
Быйыл улуу Жеңишке 79 жыл толду. Фашизмге каршы турууда Кыргыз ССРинин жоокерлери, жалпы калкы да кайратынан жазбай, тарых жараткан. Миңдеген эр-азаматтарыбыз мекен чегинде көз жумушкан. Жүздөгөн аскерлер дайынсыз болгон. Алардын эрдигин даңктап, унутпай эскерүү кийинки муун, биздин милдетибиз. Мына ушундай максатта өлкөдө түрдүү иш-чаралар жыл сайын майрамды утурлай уюштурулуп келет. Быйыл да ошолордун бири “Жеңиш каттары” деп аталган студенттик акция болмокчу. Акциянын алкагында өлкөнүн жана чет мамлекетте билим алган бардык студенттер, үй-бүлөлүк архивиндеги же ачык булактардан алып Улуу Ата Мекендик согуштун жоокеринин катын окуп, видеого түшүрүү. Акциянын максаты, жүрүшү жана шарттары тууралуу биз эфирде сөз кылабыз.