Оозеки чыгармачылыктагы профессионалдык музыкалык искусстводогу плагиат көйгөйлөрү кандай?

Sputnik
Салттуу музыка күнүнүн белгиленип баштаганына быйыл 20 жыл болду. 2004-жылы өлкө тарыхында фольклор жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство катмарларынан турган салттуу музыкалык искусствонун тарыхы, аны сактоо жана өркүндөтүү маселелерине арналган илимий иш-чара менен башталган. Ал эми 2013-жылы Жогорку Кеңеш “25-апрель — салттуу музыка күнү” токтомун бекиткен.
Ошол мезгилден тарта авторлордун укуктары кандай корголууда, оозеки чыгармачылыктагы профессионалдык музыкалык искусстводогу плагиат көйгөйлөрү кандай чечилип жатат деген суроолорго КРдин эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова жана Кыргызпатенттин Автордук укук жана чектеш укуктар бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Кудайбердиева жооп берет.