Энергетика министрлиги 1-майдан тарта электр кубаты кымбаттай турганын эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Энергетика министрлиги Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттай турганын эскертти.
Ага ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйын болот. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2,39 сом болот (азыр 2,16 сом).
Аз камсыздандырылган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55 тыйынга чыгат (азыр 50 тыйын).
Бюджеттик колдонуучулар 3,76 сомдон төлөп баштайт (учурда 2,87 сом).
Чектөөсүз тариф 3,63 сомго чыгат (азыр 3,27 сом).
Майнинг, алтын кен өнөр жайы, алкоголдук продукцияны өндүрүүчү мекемелер, куюучу жана эритүүчү цехтер 5,58 сомдон төлөйт (азыр 5,04 сом)
Электр жарыгына болгон тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын өзгөртүлүп турат.
Кыргызстанда 75 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдик алган