Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина депутаты өлкөгө аскердик цензура киргизүүнү сунуштады

Жогорку Раданын депутаты элди көчөдөн кармап кетип согушка жөнөтүп жатат деген маалыматтарды жазып, таратып жүргөндөргө чара көргөн механизм керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украинанын Жогорку Радасынын гуманитардык жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин башчысы Никита Потураев бийликке зарыл болгон ыйгарым укуктарды берүүнү шарттаган аскердик цензура киргизүүнү сунуштаган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Мага комитет башчысы катары аскердик цензура тууралуу да ойлонууга туура келди. Бул контенттик чектөөлөр гана эмес, кошумча ыйгарым укуктар", — деген Потураев "Телеграф" YouTube каналындагы интервьюсунда.
Анын айтымында, мындай укуктар АТБ (Аймактык толуктоо борбору – Украинада аскердик комиссариаттарды жаңыча ушундай атай башташты) ишиндеги коррупция, анын ичинде бул мекеменин кызматкерлери элди көчөдөн кармап кетип эле даярдыксыз фронтко жөнөтүп жатканы жөнүндө жазып жүргөн адамдарды издеп табуу үчүн керек. Депутат мындай маалыматтар мамлекеттик түзүмдөрдүн иш алып баруусуна шек жаратып жатат деп белгилеген.
Буга чейин Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов Telegram платформасын өлкө коопсуздугу үчүн коркунучтуу деп атаган. Жогорку Раданын сөз эркиндиги боюнча комитетинин төрагасы Ярослав Юрчишин тыюу жана бөгөт коюулар бийлик такыр аргасыз болгондо гана колдонуучу акыркы ыкмалар экенин билдирген.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин алдындагы Жалган маалыматтарга каршы туруу борбору март айында Telegram тармагында калп маалыматтарды таратат деген 355 ресурстун тизмесин түзгөн. Анын ичинде Россия ЖМКлары: РИА Новости, ТАСС, "RT на русском", "Комсомольская правда", "Украина.ру" да бар. Аталган тизмеге украиналык блогер Анатолий Шарий да кирип калган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рада депутаты: мобилизация жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы Зеленскийге өкүм болот