"КРСУ мурда эле Россия тараптан колдоолорду көрүп турган. Бирок буга карабастан каржы жетишсиз болуп, мугалимдердин айлыгы төмөн эле. Бүгүнкү күндө эмгек акыны көтөрүү маселеси турат. Ал эми окуу жайдын материалдык базасына келсек, ал жетиштүү деңгээлде. Бирок жаңы жетекчилик, макамга ылайык, КРСУнун өзүнүн азыркы учурга ылайыкталган жаңы заманбап кампусу болорун айтты. КРСУнун өнөктөштөрүнө Россиянын бир катар жогорку окуу жайлары кирет. Мындан улам биздин студенттер, магистранттар жана мугалимдерибиз да ошол окуу жайлардагы иш-чараларга барып катышып турат. Мисалы, жакында эле юридикалык факультеттин алкагында эл аралык конференция болду. Ага Москва, Новосибирск, Алтайдан келген окумуштуулар докладдарын окуп, сүйлөштү. Бул эки күнгө созулган конференцияга студенттер да катышты. Мына ушундай эл аралык мамилелердин, иш-чаралардын аркасында интеллектуалдык ресурс көтөрүлөт. Себеби анда окумушутуулардын өз ара жана ар тараптуу пикир алышуусу жүрөт", — деди Бөрүбашов.