Кара-Кулжада кечээки сел бир адамдын өмүрүн алды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош облусунда болгон кечээки сел айдоочунун өмүрүн алып кеткенин ӨКМден билдиришти.
Кырсык Кара-Кулжа районунун Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу жолунун 41-чакырымында болгон. Төрт адам отурган автокөлүк селде калып, эки аял менен жаш баланы жергиликтүү эл сактаганга жетишкен. Ал эми айдоочуну ылай аралашкан жаалы катуу суу агызып кеткен.
Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан келген 11 адам сөөктү сайдан издеп таап, туугандарына өткөрүп берген.
Эске салсак, кечээ, 20-апрелде, Ош облусунун бир катар аймактарында сел жүргөн.
Депутат Оренбургда селден жабыркаган кыргыздар жардам сурап жатканын билдирди