Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо 10-июнда башталат

Оңдоп-түзөө иштери күзгө чейин жүрөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо 10-июнда башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Билдирмеге караганда, союз башчысы Камчыбек Ташиев стадиондо көчмө жыйын өткөргөн.

"Жыйында Кыргыз футбол союзуна стадиондун айланасын көрктөндүрүү, оюн талаасын калыпка келтирүү, жарыктандыруу системасын оңдоп-түзөө тапшырмасы берилсе, Жеңил атлетика федерациясына чуркоочу аянтчаларды кароого алуу боюнча милдеттеме жүктөлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Реконструкция иштери 10-июнда башталып, сентябрга чейин уланары кошумчаланды.
Садыр Жапаров жаңы салынып жаткан стадион менен кичи аренанын курулушун көрдү. Сүрөт