Олимпиада оюндары — 2024

Амантур Исмаилов Париждеги Олимпиадага катышат! Бүгүнкү жеңиштин видеосу

Спортчу чечүүчү кармашта, лицензиялык турнирде кытайлык атаандашын жеңип алды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов Парижде болчу Олимпиадага жолдомо утту.
Спортчу 67 килограммга чейинки салмак категориясында чыкты. Бишкекте ал лицензиялык турнирде атаандашы кытайлык Хусиету Хусиетуну 9:1 эсебинде жеңип алды. Ага чейин Түндүк Кореядан келген Ёнг Жин Ронду 11:0 ири эсебинде уткан.
1 / 3

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов Парижде болчу Олимпиадага жолдомо утту

2 / 3

Спортчу 67 килограммга чейинки салмак категориясында чыкты

3 / 3

Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдештин жыйынтыктоочу күнү ошентип грек-рим күрөшү боюнча Исмаилов Олимпиада оюндарына 9-жолдомону Кыргызстанга алып берди

Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдештин жыйынтыктоочу күнү ошентип грек-рим күрөшү боюнча Исмаилов Олимпиада оюндарына 9-жолдомону Кыргызстанга алып берди.
Эске салсак, Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт.
Олимпиада оюндары — 2024
Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага жолдомо алышты