Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Американын Киевге кезектеги жардамы боюнча Россия ТИМи үн катты

Өкүлдөр палатасы Тайвань менен Израилге аскердик жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорлорун да кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Американын Киевге кезектеги жардамын бөлүшү боюнча пикирин айтты. Билдирүүнү РФ Тышкы иштер министрлиги жарыялады.
Эске салсак, АКШ парламентинин төмөнкү палатасы Украинага дээрлик 61 миллиард 840 миллион долларлык кошумча жардам берүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алганы маалым болду. Эми аны Жогорку палата (Сенат) бекитип, президент Жозеф Байден кол коюшу керек.
Мындан улам РФ ТИМинин расмий өкүлүнүн айткандарынын ток этер жерлерин беребиз:
АКШны башкарган элиталар Киев акыркы украиналык калганга чейин согуша алышы үчүн ал режимди курал-жарак менен камсыздап турууга даяр;
Ак үй эми Украинанын "жомоктогудай" жеңишине эмес, Украина куралдуу күчтөрү Байдендин имиджин бузбай жок дегенде ноябрдагы шайлоого чейин туруштук берип турганына басым жасоодо;
ал үчүн карапайым украиналыктарды канды булоонго мажбурлап жөнөтүшүп, Зеленский менен анын айланасындагылардын жан далбас урган азабын узартышууда;
каражаттын ири бөлүгү Американын Аскердик-өнөр жай комплексине туура келет;
согуштун жүрүшүндөгү АКШнын иш-аракеттери өзүнүн татыктуу жообун алат. Ал эми Вашингтондун Россияга каршы ар тараптуу согушка киришип кетүүсү АКШны Вьетнам менен Афганстандагыдай өтө ийгиликсиз, осол болгон абалга кептеп, сызга отургузат.
Айта кетсек, Өкүлдөр палатасы Тайвань менен Израилге аскердик жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорлорун да кабыл алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ элчиси: АКШ "акыркы украиналык калгыча" кармашкан согушунда утулду