Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо утту

Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда сегиз лицензия болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мээрим Жуманазарова Бишкекте өтүп жаткан лицензиялык турнирдин жарым финалынын жеңүүчүсү болуп, быйыл Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алды.
Регламентке ылайык, финалга чыккан спортчулар лицензияга ээ болушат.
Алгач Жуманазарова казакстандык, андан кийин индиялык балбандардан мыкты экенин далилдеди. Тайпалык этапта түндүк кореялык спортчудан утулуп, бирок алгачкы эки беттешинде атаандаштарынын далысын жерге тийгизип жеңгени үчүн биринчи орунду ээлеп, жарым финалга чыккан. Бул беттеште өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, 7:2 эсеби менен жеңишке жетти.
Бул — Кыргызстан үчүн сегизинчи жолдомо. Париж Олимпиадасына Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмаз уулу барууга укук алышкан.
Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу Олимпиадага жолдомо алышты