Садыр Жапаров жаңы салынып жаткан стадион менен кичи аренанын курулушун көрдү. Сүрөт

Жабык кичи стадион 3 миң кишиге ылайыкталган. Анын курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Орок айылында жаңы салынып жаткан футбол стадионуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы кабарлады.
Анын айтымында, мамлекет башчыга 45 миң орундуу футбол стадионунун долбоору көрсөтүлгөн.
1 / 5

Өлкө башчы Садыр Жапаров Орок айылында жаңы салынып жаткан футбол стадионуна пландан тышкары барды

2 / 5

Анын айтымында, мамлекет башчыга 45 миң орундуу футбол стадионунун долбоору көрсөтүлгөн

3 / 5

Мамлекет башчы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы кичи жабык аренанын курулушу менен да таанышкан

4 / 5

Кичи жабык стадион 3 миң кишиге ылайыкталган

5 / 5

Анын курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалып жатканы айтылды. Ичинде кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойносо болот.

"Бул объект Бишкектин символдорунун бири болору күтүлүүдө. Ал эми футбол аянтчасы FIFA уюмунун стандарттарына жооп бермекчи. Долбоорго ылайык, стадиондун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп ичинде автопарк, техникалык жайлар, соода-оюн-зоок борбору жана башка объектилер жайгашат", — деп жазган Алагөзов.

Мамлекет башчы ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы жабык аренанын курулушу менен да таанышкан. Кичи стадион 3 миң кишиге ылайыкталган. Анын курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалып жатканы айтылды. Ичинде кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойносо болот.
Садыр Жапаров реконструкцияланган Ботаникалык бакты көрүп, көчөт отургузду