Кытайда Кыргызстандан барган 10 баланын жүрөгүнө операция жасалды

Жүрөк кемтиги бар балдар ата-энелеринин коштоосунда Кытайга март айында учуп кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кытайда Кыргызстандан барган 10 баланын жүрөгүнө операция ийгиликтүү жасалганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жүрөк кемтиги бар балдар ата-энелеринин коштоосунда Кытайга март айында учуп кетишкен. Аларга операция Хэнань аттуу провинциядагы Төш хирургиясы ооруканасында жасалган. Балдар ооруканадан 19-апрель күнү чыккан.
Кыргызстандык балдарды дарылоо оорукананын Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги, биринчи айым Айгүл Жапарова жетектеген "Эне-балага тирек" фонду менен кызматташуусунун алкагында жасалганы кошумчаланды.
ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу пландалууда