Баткенде автоунаадан 51,2 кг баңгизат табылды. Видео

Гашишти Тажикстандан Кыргызстанга ташыган канал жабылганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Баткенде 51,2 килограмм баңгизат менен Ош облусунун тургуну кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 20-март күнү саат 19:00 чамасында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткенде Renault Scenic үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.
"Кинологдор ит менен автоунааны тинткен учурда автоунаанын килеминин алдындагы атайын жерде 51,2 килограмм баңгизат табылган. Ал Афганстанда өндүрүлгөн гашиш экени аныкталды", — деп жазылат маалыматта.
Бул ишке байланыштуу кылмышка шектелип автоунааны айдап бараткан Ош облусунун 52 жаштагы тургуну кармалган. Гашишти Тажикстандан Кыргызстанга ташыган канал жабылганы кошумчаланды.
Үйдө катылган баңгизатты ит кошо издешип... УКМК шектүүнү кармаган видео