Радио

Балчылардын сабаттуулугун жакшыртууга көңүл буруу керек

Кыргыз илим-изилдөө институтунун Бал аарычылык лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиев бал аарычылык боюнча илимий изилдөөлөр болмоюн дүйнөлүк рынокто орун алуу кыйын экендигин айтты.
Sputnik
Балчылардын сабаттуулугун жогорулатууга көңүл буруу керек. Анткени алардын билими кыргыз балынын сапатын сактоого, экспорттук потенциалды көтөрүүгө жол ачарын Жакшылык Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө акыркы мезгилде аары багам деген жаштар көбөйүп жатканы менен балчылардын көбүн 50-60 жаш курактагылар түзөт.
"Учурда балчылардын сабаттуулугун жогорулатууга чоң көңүл буруу керек. Анткени алардын билими кыргыз балынын сапатын сактоого, экспорттук потенциалды көтөрүүгө жол ачат. Тилекке каршы, аарычылык багытында билим берген республика боюнча Байтик айылындагы №47 окуу жайы гана бар. Ал жакта да жаш курактык чектөөлөр каралган. Тармакты жакшыртуу үчүн илимий изилдөөлөргө да орун бериш керек. Балчылыкта жаңы технологиялар, лабораториялар жана чечимдер колдонулушу кажет. Болбосо дүйнөлүк рынокто орун алуу кыйындайт. Мындан тышкары, өлкөдө акыркы мезгилде аары багам деген жаштар көбөйүп жатканы менен балчылардын көбүн 50-60 жаш курактагылар түзөт. Алар пенсия курагына жетип, аары багып иш кылышат. Биз көбүрөөк ири рынокко чыгышыбыз керек. Өлкөнүн климаты, жаратылышы, суусу уникалдуу продукция чыгарганга мүмкүнчүлүк берет", — деди Дүйшөналиев.
Ошондой эле адис түрдүү ооруларга чалдыккан аарыларды дарылоо боюнча адистер өлкөдө жокко эсе экендигин кошумчалады.