21-апрелге карата аба ырайы

21-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жекшембиде күндүз айрым жерлерде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жеринде +5…+10, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын облустарында +17…+22 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +24…+26 жана Ош шаарларында +25…+27 градуска көтөрүлөт.
Эркектер сындайт деп күткөн эмесмин. "Чоочун кишидеги" Толкунбектин маеги