Бишкекте 22-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөрүн мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 18-апрелде кол койгон.
"Жылуулук жабдууларын, тармактарын, отканаларды, жылуулук керектөө тутумун 2024-2025-жылдын от жагуу мезгилин сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Берилген кабарга таянып эсептесек, Бишкекте ысык суу 40 күнгө чукул жок болот. Борбор калаада ысык суу жыл сайын профилактикалык жана оңдоо жумуштарын жасоо үчүн убактылуу өчүрүлүп келет.
Боомдо беш күн таш кулатылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт