Бүгүн кармалган ведомство жетекчисинин мурдагы орун басары кайра кое берилди

Тукунов массалык башаламандык уюштурууга чакырык таштоого шектелип колго түшүрүлгөн болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бүгүн кармалган Антимонополия кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновдун баш коргоо чарасы каралып, эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде бошотулганын Жогорку сот кабарлады.
Эскерте кетсек, ал массалык башаламандык уюштурууга чакырык таштоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аламүдүн райондук соту Тукуновдун шектүү катары кармалышы Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелерин одоно бузуу менен жүргүзүлгөн деген чечимге келген. Натыйжада ал тергөө жүргөн мезгилде, башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын 16-июнуна чейин эч жакка чыкпоого милдеттендирилди.
Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев 150 млн. сом төлөп абактан чыкты