Токаев менен Жапаров Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу ачышты

Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу ачышты. Бул тууралуу Акордадан (мамлекет башчынын маалымат кызматынан) билдиришти.
1 / 3

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу ачышты.

2 / 3

Казакстандын президенти эстеликтин тургузулушу казак элинин бир тууган Кыргызстанга болгон терең урматынан кабар берерин белгилеген.

3 / 3

Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана эстеликти ачууга үлүш кошкондорго ыраазычылык билдирип, "Манас" эпосун изилдөөгө казак элинин кошкон салымы дагы чоң экенин айткан.

Казакстандын президенти эстеликтин тургузулушу казак элинин бир тууган Кыргызстанга болгон терең урматынан кабар берерин белгилеген.
"Архитектуралык бул эмгек түрк элдеринин тамыры бир экенин айгинелейт. Бул — Манаска эле тургузулган эстелик эмес, казак менен кыргыздын түбөлүктүү боордоштугунун эстелиги. Өлкөлөр ортосундагы достук бузулбас болоруна ишенем", — деген Токаев.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана эстеликти ачууга үлүш кошкондорго ыраазычылык билдирип, "Манас" эпосун изилдөөгө казак элинин кошкон салымы дагы чоң экенин айткан.
"Изилдөөчү Чокан Валиханов "Манас" эпосун кагаз бетине түшүрүп илимге киргизди. Ал эми улуу жазуучу Мухтар Ауэзов Манас тууралуу монографиялык эмгек жазганы баарыбызга маалым. Ошондуктан бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын карым-катнашындагы тарыхый күн. Айкөл Манастын эстелигинин казак жеринде ачылышы эки элдин боордоштугун дагы бир жолу далилдеди", — деген мамлекет башчы.
Салтанатка Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү жана эки өлкөнүн интеллигенция өкүлдөрү катышканы кошумчаланды.
Садыр Жапаров Казакстандагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады